Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Евразиядан «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» (БШЖБ) уюмунун вице-президенти катары уюмдун президиумунун жыйынына катышты.
Ошондой эле Айбек Джунушалиев жергиликтүү деңгээлде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча иш-аракеттер пландарын иштеп чыгууга арналган тематикалык сессияда сөз сүйлөдү.
Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясына (COP31) даярдыктын алкагында өткөрүлдү.
Сессияга Түркиянын айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курум, БШЖБ уюмунун президенти, Конья шаарынын мэри Угур Ибрахим Алтай, БШЖБ -Африка уюмунун президенти, Ндиоб коммунасынын мэри Умар Ба жана Якутск шаардык думасынын төрагасы Альберт Семёнов да катышты.
Катышуучулар негизинен глобалдык климаттык максаттарды ишке ашырууда шаарлардын ролуна, жергиликтүү климаттык иш-аракеттер пландарын иштеп чыгууга, каржылоо булактарын тартууга жана улуттук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого көңүл бурушту.
Талкуунун жүрүшүндө жергиликтүү деңгээлде түздөн-түз ишке ашырылып жаткан демилгелердин маанилүүлүгү белгиленди. Анткени климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине биринчи кезекте шаарлар туш болуп, шаардык инфраструктуранын туруктуулугун жогорулатуу, экологиялык долбоорлорду өнүктүрүү жана жаңы климаттык шарттарга ыңгайлашуу боюнча практикалык чараларды көрүшөт.
Ошондой эле катышуучулар шаарлар ортосунда тажрыйба алмашуу, институционалдык жана техникалык потенциалды өнүктүрүү, климаттык демилгелерди ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу маселелерин карашты.
Сессиянын уюштуруучулары «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» (БШЖБ) эл аралык уюму жана Түркиянын Конья шаарынын муниципалитети болушту.