Күтүлүп жаткан кардын жаашына байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы шаар көчөлөрүн жана жолдорун өз убагында тазалоо үчүн атайын техникаларын жана жумушчу бригадаларын толук даярдыкка келтирди.
Шаар жолдорун кардан тазалоо үчүн жалпы 114 даана автотранспорттук жана атайын техника даярдалды. Алардын катарында 55 атайын кар тазалоочу унаа, щетка жана түрткүч жабдуулары бар 34 «Беларусь» трактору, 3 фронталдык жүктөгүч, 5 УКМ-2500 үлгүсүндөгү техника, 6 «Бобкэт» техникасы, 3 АСП-25 үлгүсүндөгү кар жүктөгүч жана жолдун жүрүүчү бөлүгүн кардан тазалоого арналган түрткүч жабдуулары бар 4 «Хово» самосвалдары бар.
Мындан тышкары, жолдун жүрүүчү бөлүгүн тазалоого жол пайдалануу кызматынын 50 кызматкери тартылат. Коомдук транспорттун аялдамаларын, тротуарларды жана аларга чектеш аймактарды тазалоо үчүн 954 аймак тазалоочу жумушчу жана 197 жүк жүктөгүч кызматкер иш алып барат.
Тазалоо иштери жолдордун категориясына жана кыймылдын интенсивдүүлүгүнө жараша этап-этабы менен жүргүзүлөт. Биринчи кезекте негизги магистралдарга, коомдук транспорттун каттамдары өткөн көчөлөргө, ошондой эле муз тоңуу коркунучу жогору болгон тилкелерге көңүл бурулат.
Музга каршы күрөшүү үчүн ишканада техникалык туздун жетиштүү запасы бар. 2026-жылдын 1-ноябрына карата ишкананын кампасында 6 769 тонна техникалык туз топтолгон.
Белгилей кетсек, ишканада жыл сайын 1-ноябрдан тартып күз-кыш мезгили башталат. Бул мезгилде транспорт каражаттарынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз кыймылын камсыз кылууга, жолдорду кардан тазалоого жана музга каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Борбор калаанын мэриясы айдоочуларды ылдамдык режимин сактоого, жолдо этият болууга жана атайын техникалардын ишине тоскоолдук жаратпоого чакырат.
