Бишкек шаарында өспүрүмдөрдүн санариптик жана IT-компетенцияларын өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого, ошондой эле окуучулардын долбоордук жана сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдөрүн калыптандырууга багытталган «Жаратман Hackathon 20.26» технологиялык хакатону өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Жаныбек Орозалиев катышты.

Хакатон окуучулардын чыгармачылык жана технологиялык дараметин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн аянтча болду. Анын жүрүшүндө катышуучулар алган билимдерин практикада колдонуп, өз идеяларын сунуштап, инновациялык долбоорлорду иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын негизги максаты – балдардын заманбап IT көндүмдөрүн практикалык негизде өнүктүрүү, ошондой эле стартап маданиятынын негиздери менен тааныштыруу. Тактап айтканда, идеяны жаратуудан тартып, иштеген прототибин түзүүгө, аны тааныштырып, коргоого чейинки бардык баскычтарды камтыйт.

Хакатондо чыгармачыл ой жүгүртүүнү, команда менен иштөө жөндөмүн, демилгелүүлүктү жана актуалдуу маселелерге заманбап технологиялык чечимдерди табуу жөндөмүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө, окуучулардын дараметин ачууга жана жаш муунду заманбап коомдун талаптарына даярдоого багытталган демилгелерди колдойт.

Мындай иш-чаралар инновацияларды жаратууга жана борбор калаанын санариптик келечегине өз салымын кошууга жөндөмдүү жаңы муундагы жаратмандарды тарбиялоого өбөлгө түзөт.