Бишкек шаарындагы Оор атлетика боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жаңы ачык мелдештер залында Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык турнир жана Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү.
Мелдешке Оор атлетика боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 53 спортчусу катышып, алардын 42си эркек балдар, 11и кыздар болду.
Мелдештин жыйынтыгында спортчулар жалпы 17 медаль жеңип алышты. Алардын ичинен 8 алтын, 5 күмүш жана 4 коло медаль бар.
Мелдешти Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекция, Кыргыз Республикасынын Оор атлетика федерациясы жана Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.
Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери:
1-орун:
- Наркулов Алихан — 60 кг;
- Иманалиев Дастан — 70 кг;
- Туратбеков Талант — 85 кг;
- Шакиржанов Фарух — 110 кг;
- Кайымова Жайкал — 49 кг;
- Курбанбек кызы Айдай — 53 кг;
- Мамбетказиева Саида — 69 кг;
- Чолпонбаева Бегимай — 86 кг.
2-орун:
- Тохтакунов Муслим — 60 кг;
- Жолдошкулов Айтегин — 95 кг;
- Жапарова Тумара — 57 кг;
- Шакирова Анара — 77 кг;
- Бекболиева Айгерим — +86 кг.
3-орун:
- Жеңишбек уулу Нургазы — 75 кг;
- Нурланбек уулу Нурчолпон — 85 кг;
- Назарбаев Азамат — 95 кг;
- Абжалова Жумалина — 77 кг.
Мындан тышкары, мелдештин жыйынтыгы боюнча Курбанбек кызы Айдай эл аралык класстагы спорт чеберинин, Мамбетказиева Саида спорт чеберинин, ал эми Кайымова Жайкал спорт чеберине талапкердин нормативин аткарды.
Жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин куттуктайбыз! Аларга мындан аркы спорттук ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!


