Борбор калаанын төрт районунда дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкелери өткөрүлүп, анда Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору сапаттуу азык-түлүктөрдү жеткиликтүү баада сатып ала алышат.
Жарманкелерде ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү өздөрү өндүргөн продукцияларын сунушташат. Бул сатып алуучуларга керектүү азык-түлүктөрдү ортомчуларсыз, түздөн-түз жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Жарманкелер ар аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү төмөнкү даректерде өткөрүлөт:
- Биринчи май району: Т. Усубалиев атындагы эски аянт. Иштөө убактысы: саат 9:00дөн 17:00гө чейин;
- Ленин району: Тыналиев көчөсү, 38. Абдулкерим Сатык Буурахан мечитинин батыш тарабында. Иштөө убактысы: саат 9:00дөн 19:00гө чейин;
- Октябрь району: А. Токомбаев көчөсү, 21/1Б. Иштөө убактысы: саат 8:00дөн 18:00гө чейин;
- Свердлов району: Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Фере көчөсү, 33/1а дарегинде (мурдагы мал базардын аймагында). Иштөө убактысы: саат 7:00дөн 15:00гө чейин.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте уюштурулууда.
Жарманкелердин негизги максаты — ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, жергиликтүү продукцияны сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун жарманкелерге келип, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого чакырат.