Борбор калаанын мэриясы ата-энелер коомчулугу менен жолугушууларды улантууда.
2026-жылдын 11-ноябрында «Таберик» балдар музыкалык театрынын залында Октябрь районундагы жалпы билим берүү мектептеринин жетекчилери жана ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуу болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева, Октябрь райондук прокуратурасынын, ички иштер башкармалыгынын, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн, ошондой эле саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, ден соолугун коргоо, зыяндуу адаттардын алдын алуу жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо маданиятын калыптандыруу маселелери кеңири талкууланды.
Адистер ата-энелерге маанилүү маалыматтарды берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анда турмуштагы реалдуу кырдаалдарды чагылдырган видеоматериалдар да колдонулду.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева өз сөзүндө баланын инсан катары калыптанышында үй-бүлөнүн өзгөчө орду бар экенин белгиледи. Ал ата-энелерди балдарына көбүрөөк көңүл бурууга, алардын күнүмдүк жашоосуна кызыгууга, ошондой эле мектептер жана мугалимдер менен тыгыз байланышта болууга чакырды.
Жолугушуу ачык диалог жана суроо-жооп форматында уланды. Ата-энелер өздөрүн түйшөлткөн суроолорду ортого салып, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн жоопторду жана керектүү түшүндүрмөлөрдү алышты.











