Токтогул көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн И. Айдарбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө велосипед жолун уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан жол белгилери чийилип, велосипед жолун негизги унаа жолунан бөлүп турган атайын бөлгүчтөр орнотулууда.
Бул иштер жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жогорулатууга, шаар ичинде жүрүүнү ыңгайлуу жана коопсуз кылууга, ошондой эле борбор калаада велосипед инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жалпы узундугу 77 чакырымды түзгөн велосипед жолдору бар.