Махатма Ганди (мурдагы Муромская) жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүктөрүн тартуу иштерине байланыштуу 2026-жылдын 14-ноябрынан 17-ноябрына чейин унаа кыймылы убактылуу токтотулат.

Белгиленген убакыт аралыгында тиешелүү кызматтар тарабынан суу түтүктөрүн тартуу жана курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.

Жол кыймылынын катышуучуларынан каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөрдү эске алууну жана мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү жолдорду пайдаланууну суранабыз.

Шаар тургундарынан жана айдоочулардан жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөбүз.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз!