Бишкек шаарынын мэриясынын Экологиялык кеңешинин чечимине ылайык, Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан №12 мектептин жанындагы соода объекттери демонтаждалды.

Буга чейин, 2025-жылдын 26-августунда Экологиялык кеңештин жыйынында борбор калаадагы аймактарында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлө турган мектептердин тизмеси бекитилген.

Анын ичинде «Сладости Востока» дүкөнүн кошкондо, капиталдык соода объекттерин демонтаждоо иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан соттун чечиминин негизинде жүргүзүлүүдө.

Аймак бошотулгандан кийин Свердлов райондук администрациясы тарабынан жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.