Биринчи май районунун аймагында  Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Биринчи май райондук муниципалдык администрациясы менен биргеликте жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө унааларын токтотууга тыюу салынган жерлерге токтоткон айдоочуларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 14 административдик протокол түзүлдү. Эреже бузган айдоочуларга тиешелүү өлчөмдө айып пул салынды.

Мындан тышкары, ээлери аныкталбаган 5 унаа айып короого жеткирилди.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Сиздерден жол кыймылынын эрежелерин сактап, унааларды атайын белгиленген жерлерге гана токтотууну суранабыз.

Жол кыймылынын эрежелерин сактоо — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз!