Борбор калаада жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, алардын ден соолугун коргоо жана коопсуз чөйрөнү түзүү максатында мектеп жетекчилеринин жана ата-энелер коомчулугунун катышуусунда масштабдуу ведомстволор аралык жолугушуулар уланууда.

Кезектеги жолугушуу 2026-жылдын 12-ноябрында Ленин районунун ата-энелер коомчулугунун катышуусунда «Таберик» балдар музыкалык театрынын залында өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева, райондук администрациянын, прокуратура, ички иштер органдарынын, кайгуул милициясынын, саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле мектеп директорлору жана ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда эксперттер өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуунун негизги аспектилерине, кылмыштуулуктун алдын алуу чараларына, психоактивдүү заттарды колдонуунун алдын алууга жана санариптик мейкиндикте маалыматтык гигиенаны сактоого кеңири токтолушту.

Ошондой эле үй-бүлөдө ишенимдүү мамиле түзүү жана балдардын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө өз убагында көңүл буруу маселелерине өзгөчө басым жасалды.

Жолугушуунун катышуучуларына №58 мектептин педагогдору тарабынан тематикалык сахналаштырылган көрсөтүү тартууланды. Анда жеке коопсуздукка жана жашоодогу тандоого жоопкерчилик менен мамиле кылуунун маанилүүлүгү көркөм чагылдырылды.

Иш-чаранын соңунда «суроо-жооп» форматында ачык диалог уюштурулду. Ата-энелер тиешелүү мамлекеттик органдардын адистерине түз кайрылып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп жана түшүндүрмөлөрдү алышты. Ошондой эле мектеп менен үй-бүлөнүн өз ара кызматташуусун жакшыртуу боюнча сунуштарын киргизе алышты.

Эске салсак, пландуу ведомстволор аралык жолугушуулар Бишкек шаарынын  мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан 2026-жылдын 10-ноябрынан 13-ноябрына чейин өткөрүлүүдө.

Демилгенин негизги максаты — өсүп келе жаткан муундун укуктарын, өмүрүн жана ден соолугун коргоо маселелеринде үй-бүлөнүн, мектептин жана мамлекеттин күч-аракетин бириктирүү.