2026-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын республикалык жана облустук маанидеги шаарларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары арасында өтүүчү «Спартакиада-2026» спорттук мелдешинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары катышты.
Борбор калаанын мэри мындай иш-чараларды өткөрүү аймактар аралык байланыштарды чыңдоого, кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана спортту жайылтууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
«Бишкек — өлкөбүздүн саясий, экономикалык жана маданий борбору гана эмес, спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган шаар. Бүгүн борбор калаада өтүп жаткан бул иш-чара аймактар аралык биримдикти бекемдөөгө жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө маанилүү кадам болот деп ишенем.
«Спартакиада-2026» — бул жөн гана спорттук мелдеш эмес. Ал жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ортосунда тажрыйба алмашуу, өз ара кызматташтыкты бекемдөө жана достук байланыштарды өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Спорт адамды биримдикке, тартипке, сабырдуулукка жана жеңишке умтулууга тарбиялайт. Командалык дух, өз ара колдоо жана атаандашка болгон урмат-сый сыяктуу сапаттар спортто гана эмес, элдин жыргалчылыгы үчүн аткарып жаткан күнүмдүк ишибизде да чоң мааниге ээ», — деп белгиледи мэр.
Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйланды. Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин төрагаларына «Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» төш белгилери тапшырылды.
Белгилей кетсек, спорттук мелдештер 2026-жылдын 13–14-ноябрь күндөрү өтөт. Ага Бишкек, Ош, Баткен, Манас, Нарын, Талас, Токмок жана Каракол шаарларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынан түзүлгөн командалар катышууда.
Катышуучулар спорттун сегиз түрү боюнча күч сынашат. Алар: кичи футбол, бильярд, кол күрөш, аркан тартыш, таяк тартыш, дартс, мык кагуу жана «Үч тапан» оюну.
Иш-чаранын уюштуруучусу — Бишкек шаардык кеңеши.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери спорттун ар бир түрү боюнча өзүнчө сыйланышат. Мындан тышкары, жалпы командалык эсепте мыкты жыйынтык көрсөткөн командалар аныкталып, сыйлыктарга ээ болушат.




