Бишкек шаарындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайларда унаа токтотуучу орундарды пайдалануу фактыларын фото жана видео аркылуу каттоо иштери сыноо режиминде жүргүзүлүүдө.
Бул чара унаа токтотуучу жайлардын ишинин ачыктыгын жогорулатууга жана аларды пайдалануунун белгиленген эрежелеринин сакталышын камсыз кылууга багытталган.
Автоунаа ээлеринен бул жаңы ыкмага түшүнүү менен мамиле кылып, жоопкерчиликтүү болууга жана унаа токтотуу үчүн төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакырабыз.
Эскерте кетсек, унаа токтотуу үчүн төлөм жүргүзбөгөндүгү үчүн мыйзамдарда айып пул түрүндө жоопкерчилик каралган.
Түшүнүү менен мамиле кылып, шаардык мейкиндикке аяр жана жоопкерчиликтүү мамиле жасаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!