2026-жылдын 13-ноябрында «Z мууну: биздин психикалык саламаттыгыбыз эртеңки күндү кантип аныктайт?» деген темада эл аралык онлайн-конференция болуп өттү.

Иш-чарага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (акыйкатчыларынын) алдындагы Балдар кеңешинин мүчөлөрү катышты. Мындан тышкары, конференцияга Бишкек шаарынын мэриясынын жана Билим берүү департаментинин кызматкерлери да кошулду.

Жалпысынан конференциянын ишине алты өлкөдөн — Армения Республикасынан, Беларусь Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Кыргыз Республикасынан, Россия Федерациясынан жана Тажикстан Республикасынан келген 19 делегат катышты.

Жолугушууну Кыргыз Республикасынан Балдар кеңешинин мүчөлөрү Нурэл Орунтаев жана Адэми Саипова алып барышты.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын психологиялык бакубаттуулугу, санариптик доордун чакырыктары тууралуу ачык пикир алышуусуна шарт түзүү жана КМШ өлкөлөрүндөгү ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн аянтча түзүү болду.

Конференциянын алкагында Армениянын өкүлү Анна Ахвердян кибербуллингдин жана санариптик зомбулуктун алдын алуу боюнча баяндама жасады. Беларустун делегаты Егор Огурцов Балдар кеңешинин активисттеринин психологиялык бакубаттуулук маселелери боюнча теңтуштары менен өз ара аракеттенүү тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Кыргызстандын өкүлү Адэми Саипова жаштардын психикалык саламаттыгынын келечек муундун калыптанышына тийгизген таасири тууралуу сөз кылды. Россиядан делегаттар Дарья Мишина жана Виктория Федореева Россия Федерациясындагы балдар коомдук кеңештеринин өспүрүмдөрдүн психологиялык саламаттыгын сактоо багытындагы иш тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Тажикстандын өкүлү Анушервон Ашуров Z муунунун көп учурда көз жаздымда калган көйгөйлөрүнө — жалгыздыкка, тынчсызданууга жана психологиялык басымга токтолду. Анын айтымында, бул көйгөйлөр санариптик мейкиндиктеги тышкы активдүүлүктүн артында көп учурда байкалбай калат.

Ошондой эле Казакстандан келген катышуучулар Мади Бердихан жана Жибек Мамырхан өз ойлору жана практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Баяндамалардан тышкары, конференциянын программасына интерактивдүү форматтар да киргизилди. Алардын катарында «Z муунун канчалык жакшы билебиз?» аттуу тест-оюн жана «Балалыкка саякат» аттуу көнүгүү болду. Бул тапшырмалар катышуучуларга бейформал шартта жалпы баалуулуктарды талкуулоого жана бири-бирин жакындан таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Конференция өлкөлөр аралык жалпы талкуу менен жыйынтыкталды. Анын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү пикир алмашып, балдардын укуктарын коргоо жана өсүп келе жаткан муундун психикалык саламаттыгын чыңдоо жаатында мындан аркы кызматташууну өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштарын билдиришти.