Суу эсептегичтин көрсөткүчтөрүн ай сайын  берүү иш жүзүндө керектелген суунун көлөмүн так аныктоо жана төлөмдөрдү туура эсептөө үчүн маанилүү.

Урматтуу шаар тургундары! Суу эсептегичтин көрсөткүчтөрүн ар бир айдын 25ине чейин  берүүңүздөрдү суранабыз.

Эгерде көрсөткүчтөр өз убагында берилбесе, суунун керектелген көлөмү программа тарабынан орточо суткалык керектөөнүн негизинде эсептелиши мүмкүн.

Сууну иш жүзүндө керектөө көлөмүнө жараша төлөм жүргүзүү үчүн эсептегичтин көрсөткүчтөрүн өз убагында жөнөтүңүздөр!