Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында борбор калаанын райондорунда көмүр базалары иштеп, шаар тургундарына катуу отун сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Свердлов районунда  9 көмүр базасы иштеп жатат. Көмүрдүн жалпы запасы 7 361 тоннаны түзөт. Учурда «Кара-Кече» көмүрүнүн бир тоннасы 7 000 сомдон, ал эми «Шабыркүл» көмүрү 7 800 сомдон сатылууда.

Биринчи Май районунда 9 туруктуу көмүр базасы иш алып барууда. Бүгүнкү күнгө карата көмүрдүн жалпы калдыгы 1 184,69 тоннаны түзөт. «Кара-Кече» көмүрүнүн бир тоннасы 7 000–7 200 сомдон, «Миң-Куш» көмүрү 8 000 сомдон, «Шаргунь» көмүрү 7 600 сомдон сатылууда. Айрым базалардан «Шарбон» маркасындагы көмүрдү да кап менен сатып алууга болот. Бир каптын баасы — 300 сом.

Октябрь районунда калкка «Кара-Кече» көмүрү сунушталып, анын бир тоннасы 7 000 сомдон сатылууда. Райондогу көмүр базаларында отундун жалпы запасы 1 017 тоннаны түзөт.

Ленин районунда 13 көмүр базасы иштеп жатат. Көмүрдүн жалпы запасы болжол менен 6 500 тоннаны түзөт. «Кара-Кече» жана «Миң-Куш» көмүрлөрүнүн бир тоннасы 7 000 сомдон, ал эми «Шабыркүл» көмүрү 7 800 сомдон сатылууда.

Тиешелүү кызматтар көмүр базаларындагы отундун көлөмүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп, ошондой эле белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөп турушат.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын көмүрдү алдын ала сатып алып, жылытуу мезгилине өз убагында даярданууга чакырат.

Көмүр базаларынын даректери менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: https://www.bishkek.gov.kg/ru/post/34474