2026-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде улуттук искусствону, каада-салттарды жана маданий мурастарды сактоого жана жайылтууга арналган «Лейлек килемдери» фестиваль-жарманкесинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева жана Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы катышты.
Борбор калаанын мэри лейлек килемдери жөн гана кол эмгегинин үлгүсү эмес, элдин тарыхын, дүйнө таанымын жана улуттук көркөм табитин чагылдырган баалуу маданий мурас экенин белгиледи. Ар бир оймо-чиймеде уздардын эмгеги, чеберчилиги жана муундан муунга өтүп келе жаткан салттар камтылган.
«Биздин милдет - бул өнөрдү сактап калуу менен гана чектелбестен, аны өнүктүрүү, кеңири жайылтуу жана кол өнөрчүлөргө татыктуу колдоо көрсөтүү. Анткени элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү айыл жергесинде ишкердикти кеңейтүүнүн, жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жана аймактардын экономикалык потенциалын чыңдоонун маанилүү багыттарынын бири болуп саналат», — деп баса белгиледи мэр Айбек Джунушалиев.
Шаар башчысы улуттук мурасты сактоого кошкон салымы жана талыкпаган эмгеги үчүн уз-чеберлерге ыраазычылык билдирип, кыргыз искусствосун өлкө чегинен тышкары да кеңири жайылтуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун фестивалга келип, лейлектик уздардын өнөрлөрү менен таанышууга жана колго жасалган буюмдарды сатып алуу аркылуу ата мекендик кол өнөрчүлөрдү колдоого чакырды.
«Биз да бул жерге жөн келген жокпуз. Эки килем сатып алабыз. Бирин реабилитациялык борборго, экинчисин Бишкектеги музейлердин бирине өткөрүп беребиз», — деп кошумчалады мэр.
Белгилей кетсек, фестиваль-жарманке 2026-жылдын 16-ноябрынан 26-ноябрына чейин уланат. Анда Баткен облусунун Лейлек районунан келген уз-чеберлердин колунан жаралган буюмдар көрүүчүлөргө сунушталат.















