Алматы шаарында өткөн «Dala sazy» эл аралык сынагына Бишкек шаарындагы №8 балдар искусство мектебинин окуучулары катышты.

Сынактын жыйынтыгында окутуучу Арзыкулованын окуучулары төмөнкүдөй ийгиликтерди жаратышты:

- Баш байге (Гран-при) — Марина Багаева. Ал Грузиянын Батуми шаарында өтө турган сынакка катышуу үчүн 50 пайыздык жеңилдикке ээ болду.
- I орун — Медина Маргизова менен Рушана Касимовадан дуэт.
- I орун — Тансулуу Асанова.
- II орун — Элина Эрегшбаева, Элина Чолпонбековна, Айбике Тулегенова, Медина Маргизова жана Рушана Касимова.

Бишкек шаарынын мэриясы сынактын жеңүүчүлөрүн жана байгелүү орундардын ээлерин чын жүрөктөн куттуктап, аларга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайт!