Бишкек шаарындагы Исакеев көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн Виноградная көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу жана оңдоо иштери толугу менен аяктады.

Жаңыланган жол тилкесинин узундугу 1 100 метрди түзөт.

Долбоордун алкагында жолдун бир тарабына ирригациялык тармак курулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынды.

Жол куруу жана оңдоо иштери «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылды.