Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн атайын тилкелерге мыйзамсыз чыккан айдоочуларды аныктоо максатында рейд өткөрүлдү.
Рейддик иш-чаралар 2026-жылдын 10, 11 жана 12-ноябрь күндөрү жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга карата 94 административдик протокол түзүлдү. Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, атайын бөлүнгөн тилкелер коомдук транспорттун, анын ичинде автобустардын тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн каралган. Бул тилкелер автобустардын жол тыгындарында кармалбай, белгиленген графикти сактап, жүргүнчүлөрдү көздөгөн жерине өз убагында жеткирүүсүнө шарт түзөт.
Жеке менчик унаалар атайын тилкелерге чыккан учурда автобустардын кыймылы жайлап, кечигүүлөргө алып келет. Натыйжада жүргүнчүлөр коомдук транспортту узак күтүүгө мажбур болуп, автобустардын каттам графиги бузулат.
Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерди ээлебөөгө чакырат.
Эреже бузууларды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.


