Бишкек шаарында жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү катышкан «Баланын коопсуздугу — ата-энелердин жоопкерчилиги» аттуу жыйынтыктоочу жолугушуу  өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Рахат Мусаева, райондук администрациянын жетекчилери жана адистери, прокуратуранын, ички иштер органдарынын, кайгуул милициясынын жана саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле Свердлов районундагы мектептердин директорлору жана ата-энелер катышты.

Жолугушуунун негизги максаты - өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, балдардын ден соолугун коргоо жана алар үчүн коопсуз чөйрөнү калыптандыруу.

Жыйындын жүрүшүндө адистер азыркы өспүрүмдөр туш болуп жаткан негизги коркунучтарды кеңири талкуулашты. Анда укук бузуулардын алдын алуу, психоактивдүү заттарды колдонууга жол бербөө, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана балдарды интернет мейкиндигиндеги терс таасирлерден коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле баяндамачылар үй-бүлөнүн тарбиядагы ролуна өзгөчө басым жасап, балдар менен ишенимдүү мамиле түзүүнүн жана алардын жүрүм-турумундагы тынчсыздандырган өзгөрүүлөрдү өз убагында байкоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуу «суроо-жооп» форматындагы талкуу менен жыйынтыкталды. Катышуучулар тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнө түздөн-түз суроо берип, кесипкөй кеңештерди алууга жана ата-энелер менен мектептин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча сунуш-пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк алышты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин демилгеси менен 2026-жылдын 10–13-ноябрь күндөрү ведомстволор аралык пландуу жыйындар  өткөрүлдү. Аталган иш-чаралар балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында үй-бүлөнүн, билим берүү мекемелеринин жана мамлекеттик органдардын биргелешкен аракеттерин күчөтүүгө багытталган.