2026-жылдын 19-ноябрында саат 10:00дөн  20:00гө чейин  турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Ворошилов – Абакан – Крупская – Степная – Северная – Усупбаев – Көк-Кыя көчөлөрү.

Суу берүү  №118 мектеп-гимназиясынын жаңы имаратындагы диаметри 100 мм болгон түтүктө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.

“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.