«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын 10-кичи районунда жылуулук менен камсыздоо системасын иштетүү учурунда убактылуу үзгүлтүктөр катталганын маалымдайт.

Аталган үзгүлтүктөр Чыгыш РЭСтин жоопкерчилик аймагындагы трансформатордук көмөк чордонунда жайгашкан автоматтык өчүргүчтүн бир нече жолу иштен чыгышына байланыштуу болгон. Автоматтык өчүргүч электр жүктөмүнө туруштук бере албай, натыйжада жабдуулардын иши үзгүлтүккө учураган.

Электр энергиясы төмөнкү убактарда өчкөн:

- Саат 17:00дө биринчи жолу өчүп, электр энергиясы саат 19:58де калыбына келтирилген.
- Саат 23:00дө кайрадан өчүп, электр энергиясы саат 23:57де берилген.
- Эртеси күнү саат 06:47де кезектеги өчүү катталып, электр энергиясы саат 08:10до калыбына келтирилген.

Көйгөйдү биротоло жоюу максатында саат 11:00дөн 12:20га чейин «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын адистери автоматтык өчүргүчтү жаңысына алмаштырышты.

Учурда 10-кичи райондо жылуулук берүү толугу менен калыбына келтирилип, жылуулук менен камсыздоо системасы штаттык режимде иштеп жатат.

Белгилей кетсек, «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы тарабынан жылуулук берүү өз убагында камсыздалып келген. Жабдуулардын туруктуу иштешин калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлдү.