2026-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаарынын мэриясында Чыңгыз Айтматов проспектисинин жана Восточная көчөсүнүн тургундарына коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн муниципалдык менчикке өткөрүлгөн жер тилкелери үчүн компенсациялык сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү. Аталган жер тилкелери автомобиль жолун реконструкциялоо жана кеңейтүү долбоорунун алкагында муниципалдык менчикке өткөрүлгөн.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 13 жер тилкесинин ээсине жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 40 млн 763 миң сомду түзгөн акчалай компенсация сертификаттарын тапшырды. Компенсациянын өлчөмү жер тилкелеринин наркына жүргүзүлгөн көз карандысыз баалоонун негизинде аныкталган. Калган жер тилкелери боюнча компенсация берүү иштери да мыйзамдарда белгиленген тартипте улантылууда.

Белгилей кетсек, компенсациялык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, кыймылсыз мүлккө болгон мыйзамдуу укуктарын тастыктаган укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү зарыл документтерди тапшырган жарандарга берилет.

Борбор калаанын мэри тургундарга түшүнүү менен мамиле кылып, сабырдуулук көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, муниципалитет үчүн мындай масштабдагы иштерди ишке ашыруу жаңы жана оңой эмес тажрыйба болгонун белгиледи. Ошондой эле мүлккө байланышкан маселелерди жөнгө салуу иштери мыйзам талаптарын сактоо жана шаар тургундарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алуу менен ырааттуу жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө бул иштерди аяктоого ырааттуу жакындап калганыбызды белгилөөгө болот. Мэрия жер мыйзамдарына ылайык өзүнө алган милдеттенмелерин этап-этабы менен аткарууда. Бир дагы менчик ээси өзүнүн мыйзамдуу укуктары жана кызыкчылыктары бузулган шартта жер тилкесинен ажыратылбашы керек.

Биринчи кезекте жер тилкелерин алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Бирок айрым жер тилкелеринин аянты чакан болгондуктан, мындай чечим бардык учурда эле максатка ылайыктуу боло бербейт. Ушуга байланыштуу бул учурда менчик ээлерине акчалай компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынды», — деп баса белгиледи Айбек Джунушалиев.

Мэр шаар тургундарынын алдындагы милдеттенмелерди өз убагында аткаруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Ленин райондук администрациясынын башчысына калган менчик ээлеринин документтерин тариздөө жана аларга тиешелүү компенсацияларды төлөп берүү иштерин тездетүүнү тапшырды.

Ошону менен бирге айрым учурларда компенсация төлөп берүү үчүн бюджеттен тышкаркы каражаттар да тартылууда. Алсак, Элебесов көчөсүн капиталдык оңдоо жана кеңейтүү иштеринин алкагында жол куруу иштерине тоскоолдук жараткан 7 турак үйдүн ээлерине бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен компенсация төлөнүп берилди.

Ушундай эле иштер Шабдан Баатыр көчөсү (мурдагы Лев Толстой көчөсү) менен Иманалы Айдарбеков бульварынын (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) кесилишиндеги транспорттук жол түйүнүн куруу долбоорунун алкагында да жүргүзүлдү. Курулуш иштерине тоскоолдук жараткан 16 объекттин ичинен бир объекттин ээсине компенсация төлөнүп берилди. Калган объектилер боюнча иштер этап-этабы менен улантылууда.

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук маанидеги инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле компенсация берүү жана альтернативдүү чечимдерди табуу боюнча тургундар менен иш алып барууну этап-этабы менен улантат. Бардык кайрылуулар тапшырылган документтерди жана жарандардын мыйзамдуу укуктарын эске алуу менен мыйзамдарда белгиленген тартипте каралат. Муниципалитет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен мүлккө байланышкан маселелерди жөнгө салуу боюнча зарыл чараларды көрүүнү улантат.