Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үчүн түзүлгөн «Акниет» борборунун тарбиялануучулары борбордун адистери менен биргеликте белгилүү скульптор Ольга Мануйлованын мемориалдык үй-музейине экскурсияга барышты.

Экскурсиянын негизги максаты - балдарды тарыхый-маданий мурастар менен тааныштыруу, көрүнүктүү скульптордун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу маалымат берүү, ошондой эле алардын тарыхка жана улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сый мамилесин калыптандыруу болду.

Экскурсия учурунда балдар музейдеги экспонаттар менен таанышып, Ольга Мануйлованын чыгармачылык жолу, белгилүү эмгектери жана искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу кызыктуу маалыматтарды алышты.

Ошондой эле байыркы балбал таштар темасына өзгөчө көңүл бурулду. Балдар түрк элдеринин тарыхый-маданий мурасынын бир бөлүгү болгон балбал таштардын келип чыгышы, тарыхый жана маданий мааниси тууралуу кеңири түшүнүк алышты.

Экскурсия таанып-билүүчүлүк жана жылуу маанайда өттү. Балдар жаңы маалыматтарга ээ болуп, дүйнө таанымын кеңейтишти жана элибиздин бай тарыхый мурасы менен жакындан таанышышты.

Мындай иш-чаралар балдардын искусство дүйнөсүнө болгон кызыгуусун арттырууга, тарыхты таанып-билүүсүнө жана маданий баалуулуктарга аяр мамиле жасоосуна өбөлгө түзөт.