Бүгүн, 2026-жылдын 17-ноябрында, жылуулук тармагындагы бузулууну жоюу иштерине байланыштуу бир катар турак үйлөргө жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду.

Өчүрүүгө төмөнкү даректердеги үйлөр туш болду:

- Панфилов көчөсү № 124, 145, 151, 153;
- Логвиненко көчөсү № 3в;
- Чүйков көчөсү № 125;
- Панфилов көчөсү № 130, 132, 147/2, 149, 149а;
- Чүйков көчөсү № 110.

Оңдоо иштерин күн ичинде бүтүрүү пландалууда. Бузулуу толук жоюлгандан кийин үйлөргө жылуулук жана ысык суу берүү кайра калыбына келтирилет.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарынан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.