2026-жылдын 12–13-ноябрь күндөрү «SOS Балдар айылы» уюмунун тренерлери тарабынан «Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоонун заманбап ыкмалары» темасында семинар-тренинг өткөрүлдү.

Иш-чарага Биринчи май районундагы жалпы билим берүү уюмдарынын тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары жана социалдык педагогдор катышты.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар балдарга карата зомбулуктун жана ырайымсыз мамиленин алдын алуу, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды эрте аныктоо, аларга өз убагында жардам көрсөтүү, социалдык коштоо жана психологиялык колдоо маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле мамлекеттик жана социалдык кызматтар менен ведомстволор аралык кызматташтыкты жөнгө салуу, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.

Семинар Биринчи май райондук муниципалдык администрациясы жана Биринчи май райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан бекитилген 2026–2027-окуу жылына карата биргелешкен иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.