2026-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаарындагы №82 «Баластан» бала бакчасында «Уңгу жол – урпактарга улуу жол» аттуу этномаданий иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева, бала бакчанын тарбиялануучулары, алардын ата-энелери, педагогикалык жамааты жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын негизги максаты - балдарды улуттук баалуулуктарга тарбиялоо, кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастары, каада-салттары, үрп-адаттары жана элдик кол өнөрчүлүгү менен тааныштыруу, ошондой эле патриоттук сезимин жана өз элинин маданиятына болгон урмат-сыйын калыптандыруу болду.

Иш-чара кыргыз элинин меймандостугуна арналган тематикалык бөлүм менен башталды. Андан соң бөбөктөр шамдагайлыкка, күчкө жана тапкычтыкка тарбиялаган улуттук оюндарды көрсөтүштү.

Өзгөчө кызыгууну салттуу мурастар менен илимди айкалыштырган «Этно-STEAM — салт менен илимдин айкалышы» аттуу бөлүм жаратты. Анда улуттук баалуулуктар заманбап билим берүү технологиялары менен айкалыштырылды.

Ошондой эле атайын уюштурулган тематикалык аянтчаларда кыргыз боз үйүнүн түзүлүшү, мектепке чейинки тарбиялоодогу улуттук баалуулуктар жана салттуу кол өнөрчүлүк боюнча маалыматтар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда концерттик программа тартууланды. Анда балдар «Манас» эпосунан үзүндү айтып, «Манастын уулу Семетей» аттуу сахналаштырылган көрүнүштү көрсөтүштү. Мындан тышкары,  ырлар жаңырып, улуттук бийлер аткарылып, кыргыздын элдик музыкалык аспаптарында күүлөр чертилди.

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолун ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.