Бишкек шаарындагы Beeline абоненттери үчүн шаардык санариптик кызматтарды колдонуу дагы да ыңгайлуу болду.
Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы Beeline уюлдук оператору менен биргеликте «Менин шаарым» жана «Өндүрүштүк иштердин эсеби» тиркемелери үчүн интернет-трафикти акысыз кылды.
Эми «Менин шаарым» тиркемесин колдонууда абоненттердин интернет топтомундагы трафик сарпталбайт.
Мындай шарт күн сайын муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын кызматкерлери колдонгон «Өндүрүштүк иштердин эсеби» маалыматтык тутумуна да жайылтылат. Бул тутум аткарылган иштерди каттоого, тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөгө жана шаардык түзүмдөрдүн ишин координациялоого мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу борбор калаанын тургундары шаардык кызматтарга кайрылууларды жөнөтүп, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүп, коомдук транспорттун кыймылын көзөмөлдөп, электрондук билеттерди сатып алып жана башка шаардык кызматтардан пайдалана алышат. Мында мобилдик интернет үчүн кошумча чыгым талап кылынбайт.
Бишкек шаарынын мэриясы санариптик кызматтарды өнүктүрүү иштерин улантып, шаардык кызматтарды тургундар үчүн жеткиликтүү, ал эми муниципалдык кызматтар менен байланышты жөнөкөй жана ыңгайлуу кылууга багытталган иштерди жүргүзүүдө.