Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу №2 балдар искусство мектебинин окутуучусу жана окуучулары Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өтүп жаткан жаштардын чыгармачылыгына арналган XV Эл аралык көп жанрлуу «Достук шаңы» фестивалына катышууда.
Эл аралык чыгармачылык аянтчада Кыргызстандын борбор шаарынын намысын мектептин окутуучусу Гүлкайыр Абыкаевна Жумакеева жана окуучулар Раяна Азаматбекова менен Шайырбек Талантов коргошууда.
Жаш таланттар өздөрүнүн өнөрүн, чыгармачылык дараметин көрсөтүп, №2 балдар искусство мектебинин жана Бишкек шаарынын атын татыктуу тааныштырышты.
Мындай деңгээлдеги фестивалга катышуу — жаш таланттар үчүн өз өнөрүн көрсөтүү менен гана чектелбестен, баалуу тажрыйба топтоого, жаңы чыгармачылык байланыштарды түзүүгө, маданий баалуулуктар менен алмашууга жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк.
Бишкек шаарынын мэриясы фестивалдын катышуучуларына жаңы ийгиликтерди, чыгармачылык дем-күчтү каалайт!

