Свердлов районунда бала кезинен I топтогу майыптыгы бар, туруктуу кароого жана көзөмөлгө муктаж адамдарды багып жаткан жарандарга азык-түлүк жардамын көрсөтүү улантылууда.

Бул демилге Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Өлкөлүк стратегиялык планынын алкагында ишке ашырылууда.

Жардам алуучуларга ун, өсүмдүк майы жана буурчак камтылган азык-түлүк топтомдору берилүүдө.

Аталган иш-чара өзгөчө камкордукка жана туруктуу жардамга муктаж жакындарына күн сайын кам көрүп келген жарандарды колдоого багытталган.

Свердлов райондук администрациясы Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте калктын социалдык жактан аярлуу катмарына даректүү колдоо көрсөтүү иштерин улантууда.