2026-жылдын 13-ноябрында Свердлов райондук администрациясында 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана Свердлов районундагы участкалык шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык жактан көмөк көрсөтүү боюнча райондук штабдын жыйыны болуп өттү.
Жыйынга район башчысы, түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү жана алдыдагы шайлоо өнөктүгүнө даярдык көрүү боюнча уюштуруу иштерине жооптуу кызматкерлер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө район башчысы Бакыт Караев Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын тескемесине ылайык түзүлгөн райондук штабдын курамы жана негизги милдеттери менен тааныштырды.
Ошондой эле райондук штабдын алдында турган негизги милдеттер жана шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык жактан көмөк көрсөтүү боюнча иштин артыкчылыктуу багыттары белгиленди.
Жыйындын катышуучулары уюштуруучулук-техникалык маселелерди талкуулап, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жана Свердлов районундагы участкалык шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныкташты. Мындан тышкары, жооптуу кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялоо маселелери каралды.
Өзгөчө көңүл уюштуруу маселелерин өз убагында чечүүгө, шайлоо комиссияларынын иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жана райондук штабга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыздоого бурулду.
Жыйындын жыйынтыгында район башчысы тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө тапшырмаларды берип, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында бардык тартылган түзүмдөрдүн өз ара ырааттуу жана натыйжалуу иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгиледи.