Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 15-пунктуна ылайык, жер мунапысына кирген объекттердин пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмеси жарыяланууда.
Тизмеге башаламан курулуш жайгашкан аймактардагы 2021-жылдын 1-декабрына чейин жеке турак үйлөр (анын ичинде курулушу бүтө элек объекттер) салынган жер тилкелери, ошондой эле эч кандай курулуш курулбаган жер тилкелери киргизилген.