2026-жылдын 13-ноябрында Биринчи Май районунда социалдык келишимди ишке ашыруунун жаңы ыкмаларын киргизүүгө багытталган пилоттук долбоордун алкагында комиссиянын алгачкы жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын, ошондой эле Биринчи Май райондук салык кызматынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жарандардын бизнес-пландары каралды. Анын жыйынтыгында үч ишкердин долбоору жактырылды.

Пилоттук долбоор жарандардын ишкердик демилгелерин колдоого алууга жана социалдык келишимди ишке ашыруу механизмин өркүндөтүүгө багытталган.