Бишкек шаарынын Ленин районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого жана алардын экономикалык өз алдынчалыгын жогорулатууга багытталган мамлекеттик «Социалдык келишим» программасын ишке ашыруу иштери уланууда. Программанын алкагында жарандарга жеке ишкерликти баштоо жана   ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн баштапкы капитал берилет.

2026-жылга карата район үчүн 61 үй-бүлөгө квота каралган. Бүгүнкү күнгө чейин аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана «Үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алуучулар менен кошо 34 социалдык келишим түзүлдү.

Ишкердиктин эң көп тандалып жаткан багыттарынын катарына тигүү өндүрүшү, тиричилик жана транспорттук кызмат көрсөтүү, соода-сатык жана мал чарбачылыгы кирет. Бул багыттар программанын катышуучуларына туруктуу киреше табууга, жумуш менен камсыз болууга жана үй-бүлөлөрүнүн материалдык абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Арыздарды кароо боюнча комиссиянын иши белгиленген тартипте уланууда. Комиссиянын акыркы отурумунда 12 арыз каралып, алардын ичинен 8 арыз жактырылды.

Учурда райондук администрация тарабынан жаңы социалдык келишимдерди түзүү жана каралган каражаттарды которуу үчүн тиешелүү документтерди тариздөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жарандардан документтерди кабыл алуу жана бизнес-долбоорлорду кароо уланууда. Кошумча маалымат алуу үчүн Ленин районунун социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.