Тамеки чегүүдөн баш тартуунун эл аралык күнүнүн алдында Биринчи Май районунда «Тамекини белекке алмаштыр!» аттуу профилактикалык флешмоб уюштурулду.

Иш-чаранын максаты — коомчулуктун көңүлүн ден соолукту сактоо маселелерине буруу жана сергек жашоо образын жайылтуу.

Акциянын алкагында каалоочуларга тамекилерин символикалык белектерге алмаштыруу сунушталып, бул аркылуу зыяндуу адаттан баш тартуу демилгесин колдоого жана сергек жашоо образын жайылтууга чакырык жасалды.

Иш-чаранын негизги максаты — тамеки чегүүнүн адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасирин эске салуу жана шаар тургундарын сергек жашоо образын тандоого үндөө.