Майыптыгы бар адамдар үчүн түзүлгөн «Аяр» реабилитациялык борборунун кызмат алуучулары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар арасында өткөн көркөм чыгармачылык боюнча көркөм өздүк чыгармачылык фестивалынын жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын сынагынын XXVI шаардык «Күн баарына бирдей тиет» аттуу иш-чараларына катышты.
Фестивалдын алкагында «Аяр» реабилитациялык борборунда кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмө-сынагы уюштурулду. Быйылкы иш-чарага 14 мекеме катышып, ар бири 30дан эмгегин тартуулады. Көргөзмөгө коюлган буюмдар сынак комиссиясы тарабынан бааланды.
Мындан тышкары, «Аяр» борборунун кызмат алуучулары көркөм өздүк чыгармачылык сынагына жана мода көрсөтүү сынагына да катышты. Быйыл борбордон 20дан ашык катышуучу өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмүн, талантын жана өзгөчөлүгүн көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, буга чейин фестивалдын алкагында майыптыгы бар адамдардын катышуусунда спорттук мелдештер да өткөрүлгөн.
Фестивалдын негизги максаты — майыптыгы бар адамдардын чыгармачылык дараметин колдоо, алардын жөндөм-шыгын ачууга көмөктөшүү, өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө шарт түзүү жана коомдук турмушка активдүү катышуусуна мүмкүнчүлүк берүү.
Сынак программасынын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери декабрь айында жарыяланат.











