Администрациялык-аймактык реформанын алкагында борбор калаага кошулган аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.
Ленин районунун Жал айылында СССРге 60 жыл, Проектируемая, Шаршенов, Кожомберди-1, Кожомберди-2 жана Гагарин көчөлөрүнө шагыл төгүү иштери жүргүзүлдү.
Ушундай эле иштер Сарбан айылындагы Алжанбай ажы жана Тогуз-Булак көчөлөрүндө, ошондой эле Селекция айылындагы Достук көчөсүндө жана 9-өтмөктө аткарылды.
Биринчи Май районунун «Үмүт» жаңы конушунда № 6, 8 жана 26-көчөлөрдүн жолдоруна шагыл төшөлдү.
Свердлов районунун «Ак-Жар» жаңы конушунда борбордук көчөгө тышкы жарыктандыруу системасын орнотуу иштери аяктады. Көчөнүн боюна 84 прожектор жана 3 тышкы жарыктандыруу панели (ТЖП) орнотулду.
Жүргүзүлүп жаткан иштер көчө-жол тармагынын абалын жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга, ошондой эле шаарга кошулган аймактардын тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.










