Борбор калаанын төрт районундагы билим берүү уюмдарында «Бир окуучу — бир дарак» аттуу экологиялык акция уланууда. Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан ар кандай түрдөгү 9 880 түп дарактын жана бадалдын көчөтү отургузулду.

Акциянын алкагында шаардын төрт районундагы мектептердин, бала бакчалардын жана башка билим берүү мекемелеринин аймактарына чынар, кайың, карагай, липа, эмен, арча жана туя көчөттөрү тигилди. Жашылдандыруу иштерине окуучулар, ата-энелер, мугалимдер жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлери активдүү катышты.

Аталган иштер билим берүү уюмдарынын аймактарын жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө, ошондой эле шаарда жашоо үчүн ыңгайлуу жана экологиялык жактан таза чөйрөнү түзүүгө багытталган.

«Бир окуучу — бир дарак» акциясы өсүп келе жаткан муунду жаратылышты сүйүүгө тарбиялоону, экологиялык маданиятын калыптандырууну жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого үйрөтүүнү көздөйт.

Отургузулган ар бир көчөт — борбор калаанын келечегине, анын жашылданган көркүнө жана айлана-чөйрөнү коргоого кошулган салым.