Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору (ЖЭБ) штаттык режимде иштеп жатат.
2026-жылдын 18-ноябрына карата станциянын жеткиликтүү электр кубаттуулугу 370 МВтты түзөт.
Бир сутка ичинде электр энергиясын өндүрүү көлөмү 8 961 миң кВт·саатты, ал эми жылуулук энергиясын берүү көлөмү 8,4 миң Гкалды түздү.
Жалпысынан ЖЭБде 15 казан агрегаты, туурасынан байланышкан 7 турбоагрегат жана № 3, № 4 эки энергоблок орнотулган.
Учурда 9 казан агрегаты жана 6 турбоагрегат иштеп жатат. Ал эми кампада 250 708 тонна көмүр бар.