Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги бекитилген графикке ылайык жарандарды үзгүлтүксүз негизде жеке кабыл алууда. Бул шаар тургундары менен ачык диалогду камсыз кылууга, кайрылууларды ыкчам кароого жана шаарды өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелерге көңүл бурууга мүмкүндүк берет.

2026-жылдын январь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын мэри жана анын орун басарлары тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу боюнча 142 жолугушуу өткөрүлүп, анда жалпысынан 2 501 жаран кабыл алынган.

Шаар тургундарынын кайрылуулары шаар турмушунун ар кандай тармактарын, анын ичинде аймактарды көрктөндүрүү, турак жай-коммуналдык чарба, жол инфраструктурасы, жер пайдалануу жана башка маселелерди камтыйт.

Жеке кабыл алуулар менен катар мэриянын жетекчилиги шаар тургундары менен жеринде көчмө жолугушууларды да өткөрүп келет. Бул түзүлгөн кырдаалды жеринен баалоого, тургундардын сунуш-пикирлерин угууга жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун аныктоого шарт түзөт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилигинин жеке кабыл алуусуна жазылуу үчүн Чүй проспектиси, 360 дарегине (№117-кабинет) кайрылууга болот.

Жарандарды жеке кабыл алуу жана калк менен жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз негизде улантылат. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары менен ачык диалог жүргүзүүгө даяр жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде ар бир кайрылууга көңүл бурат.