Буга чейин «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасына 10-кичи райондун тургундарынан жылытуу маселеси боюнча кайрылуу түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер жылуулук менен камсыздоонун убактылуу үзгүлтүккө учурашына автоматтык өчүргүчтүн иштен ажырап калышы себеп болгонун аныкташкан. Көйгөйдү жоюу максатында ишкананын кызматкерлери автоматтык өчүргүчтү алмаштырып, жылуулук берүүнү калыбына келтиришкен.

Бүгүн «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын адистери жылытуу системасынын иштешин кайрадан текшерүү үчүн жерине барышты.

Жер төлө жайын текшерип, тиешелүү өлчөөлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгында жылытуу системасы штаттык режимде иштеп жатканы аныкталды. Жылуулук суусунун температурасы 57 °C түзүп, жабдуулардын иштөөсүндө эч кандай мүчүлүштүктөр аныкталган жок.

Учурда жылуулук менен камсыздоо туруктуу жүргүзүлүүдө. Тургундар тарабынан кошумча кайрылуулар түшкөн жок.