20–21-ноябрь күндөрү борбор калаанын бардык райондорунда «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан таштандыларды массалык түрдө чыгаруу иш-чарасы уюштурулат.

Шаар тургундары бул күндөрү үйүндө топтолуп калган таштандыларды, керексиз буюмдарды жана тиричиликте колдонулбай калган ар кандай калдыктарды сыртка чыгара алышат.

Тургундар таштандыларды жума жана ишемби күндөрү таштанды контейнерлери жайгашкан аянтчаларга алып чыгып коюшу зарыл. Андан соң «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен аларды чыгарып кетишет.

Белгилей кетсек, бул иш-чара бир жолу өткөрүлүп, шаар тургундарына топтолуп калган ири көлөмдөгү жана тиричилик таштандыларынан арылууга мүмкүнчүлүк түзүү, ошондой эле короолорду жана аларга чектеш аймактарды биргеликте иретке келтирүү максатын көздөйт.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, топтолгон таштандыларды алдын ала сыртка чыгарып, шаарды тазалоо иштерине активдүү катышууга чакырат.

Келгиле, борбор калаабызды биргеликте таза жана ыңгайлуу шаарга айландыралы!

Таза шаар — ар бирибизден башталат!