Бишкек шаарында №72 мектептин кошумча корпусун борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо тутумуна кошууга байланыштуу 2026-жылдын 19-ноябрында саат 09:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү турак үйлөргө ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулат:
Жал-23 кичи районундагы үйлөр: № 35, 33, 31, 28/1, 28, 29, 26, 25, 24, 23, 23/1, 22, 21, 20.
Оңдоо жана туташтыруу иштери аяктагандан кийин ысык суу жана жылуулук берүү кайра калыбына келтирилет.
«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн тургундардан кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.