Куруучулар шаарчасында жашаган тургундардын кайрылууларына байланыштуу «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын адистери үйдүн ички жылытуу системасына текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жылуулук менен камсыздоонун жетишсиздигине тургундар тарабынан жылытуу системасына өз алдынча өзгөртүүлөрдү киргизүү себеп болгону аныкталды. Тактап айтканда, түтүктөрдүн ичкертилиши, диаметри кичирээк түтүктөргө алмаштырылышы, ошондой эле жылуулуктун нормалдуу айлануусуна тоскоолдук жараткан кошумча бурулуштар жана туташтыруулар аныкталган.

Мындай өзгөртүүлөр жылытуу системасынын гидравликалык режимин бузуп, натыйжада жылуулук имарат боюнча бирдей бөлүштүрүлбөй, айрым бөлмөлөргө керектүү көлөмдө жылуулук жетпей калат.

Жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү үчүн үйдүн ички инженердик тармактарын долбоордук документтерге ылайык келтирип, аныкталган кемчиликтерди жоюу зарыл.

«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы тургундарды жылытуу системасына өз алдынча өзгөртүүлөрдү киргизбөөгө чакырат. Анткени мындай аракеттер жылуулук алып жүрүүчү суунун айлануусун бузуп, натыйжада бүтүндөй үйдүн жылуулук менен камсыздалышына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.