2026-жылдын 18-ноябрында «Бишкек автобекет» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн базарынын аймагында рейддик иш-чара өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты — тиешелүү лицензиясы жок жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөткөн такси айдоочуларын аныктоо жана алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган айдоочуларга карата тиешелүү протоколдор түзүлүп, мыйзамда белгиленген тартипте айып пулдар салынды.
Мындан тышкары, автобекеттин аймагында мыйзамсыз токтоп, жүргүнчүлөргө жана жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жараткан айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Тактап айтканда, айдоочуларга «Бишкек автобекет» муниципалдык ишканасынын Чыгыш автобекетинин аймагында такси унаалары үчүн атайын жабдылган унаа токтотуучу жай каралгандыгы жана анда жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөндүгү түшүндүрүлдү.
Айдоочуларга атайын бөлүнгөн унаа токтотуучу жайды пайдалануу, ошондой эле жүргүнчүлөрдү салуу жана түшүрүү иштерин белгиленген жерде гана жүргүзүү сунушталды.
Аталган чаралар автобекеттин аймагында тартипти камсыз кылууга, жол тыгындарынын жана жол кыймылына тоскоолдуктардын алдын алууга, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Мыйзамсыз жүргүнчү ташуу фактыларынын алдын алуу, коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.