2026-жылдын 20-ноябрында саат 08:00дөн 20:00гө чейин Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарындагы турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Суу берүү токтотула турган аймак Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелет.
Суу берүү «Контррезервуары» суу топтомосунда трансформатордук көмөк чордондун реконструкциялоо иштерине байланыштуу токтотулат.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарды, мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
Урматтуу шаар тургундары! «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирүүлөрдү алып туруңуз.
