Урматтуу шаар тургундары!

Ири көлөмдөгү таштандыларды, бак-дарактардын бутактарын жана башка таштандыларды чыгаруу боюнча бир жолку акциянын алкагында таштандыларды чогултуу жана жайгаштыруу эрежелерин сактоону өтүнөбүз. Бул таштандыларды өз убагында жана үзгүлтүксүз алып кетүүнү камсыз кылууга жардам берет.

Контейнер аянтчаларына эмнелерди чыгарууга болот?
Түшкөн жалбырактарды жана куураган бутактарды баштыктарга салып байлоо керек;
Эски эмеректерди (диван, кресло, шкаф жана башка ири көлөмдөгү буюмдарды) контейнер аянтчасынын жанына иреттүү жайгаштыруу зарыл;
Күлдү толугу менен муздатып, бекем баштыктарга салуу керек.

Маанилүү!
Таштандыларды унаа жүрүүчү жолго жана тротуарларга калтырбаңыз;
Контейнер аянтчаларына баруучу жолдорду тоспоңуз;
Күлдү башка таштандылар менен аралаштырбаңыз.

Көңүл буруу керек!
Аталган акциянын алкагында таштандылар бир гана жолу чыгарылат.

Мындан ары ири көлөмдөгү таштандыларды жана кадимки тиричилик калдыктарына кирбеген башка таштандыларды чыгаруу   «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде өзүнчө жүргүзүлөт.

Урматтуу шаар тургундары, бул эрежелерди түшүнүү менен кабыл алып, таштандыларды белгиленген тартипте чыгарууну  өтүнөбүз. Шаарыбыздын тазалыгы ар бирибизден көз каранды!