Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Рахат Мусаева борбор калаадагы муниципалдык социалдык мекемелерди текшерди.

Көчмө жыйындын алкагында Балдардын сүт ашканасы, зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борбору, «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемеси, «Коломто» муниципалдык мекемеси, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн «Аяр» реабилитациялык борбору жана Бишкек шаарынын Геронтология борбору менен таанышты.

Рахат Мусаева мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери менен жолугушуп, ишти уюштуруу, социалдык кызматтарды көрсөтүү жана социалдык коргоого муктаж жарандарга зарыл жардам көрсөтүү маселелерин талкуулады.

Белгилей кетсек, аталган муниципалдык мекемелер калктын ар кандай катмарына, анын ичинде балдарга, улгайган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүп келишет.

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык социалдык мекемелердин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана калкка көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча иштерди улантууда.