2026-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарынын мэриясынын «Тунгуч» залында «Шаарлардын транспорт системаларын өнүктүрүү» аттуу семинар болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары Рамиз Алиев жана Атай Муратбек, Россиянын Архитектура жана курулуш илимдер академиясынын академиги, «Келечектүү шаар куруу илим-изилдөө институту» ЖЧКсынын (ООО «НИИ ПГ») директору Павел Спирин, мамлекеттик органдардын, мэриянын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканалардын, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жана коомдук активисттер катышты.
Семинардын лектору катары «НИИ ПГ» ЖЧКсынын транспорттук инфраструктура багытынын жетекчиси Александр Баранов баяндама жасады.
Иш-чаранын негизги максаты — борбор калаадагы транспорт көйгөйлөрүн чечүүнүн ыкмалары жана жолдору боюнча бирдиктүү түшүнүктү калыптандыруу, ошондой эле шаардык транспорт системасын мындан ары өнүктүрүүнүн комплекстүү багыттарын аныктоо болду.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар транспорт көйгөйлөрүнүн келип чыгуу себептерин, транспорттук суроо-талапты башкаруу ыкмаларын, баштапкы маалыматтардын негизинде транспорт системаларынын математикалык моделдерин иштеп чыгуу принциптерин, ошондой эле туруктуу транспорттук инфраструктураны түзүүгө багытталган шаар куруу чечимдерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл транспорттук суроо-талапты башкаруунун шаар куруу жана аймактык ыкмаларына, инфраструктураны пландаштырууга жана жүргүнчүлөр агымын болжолдоого бурулду. Семинардын практикалык бөлүгүндө транспорттук суроо-талапка ыкчам талдоо жүргүзүү усулу каралып, жүргүнчүлөр агымын жана зарыл болгон транспорттук каражаттардын көлөмүн этап-этабы менен эсептөөнүн мисалы көрсөтүлдү.
Семинардын программасы эки негизги багытты камтыды: транспорттук суроо-талапты башкаруунун шаар куруу ыкмалары жана транспорт көйгөйлөрүн чечүүнүн пландоо ыкмалары.
Баяндаманын соңунда суроо-жооп сессиясы өткөрүлүп, анын алкагында катышуучулар шаардык транспорт системасын өнүктүрүүгө байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулап, лектордон тиешелүү түшүндүрмөлөрдү алышты.














